Коронавирустан дүйнөдө 3,5 миллиондон ашуун адам көз жумду

COVID-19 вирусу дүйнө жүзү боюнча 3,5 миллион адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюму билдирди.

Вирус жаңы башталган учурдан бери дүйнөдө жалпы 168 миллион 599 миң 45 киши жуктуруп алган. Ал эми бүгүнкү күндө бул илдеттен 3 миллион 507 миң 477 адам көз жумду.

Өлгөндөрдүн саны боюнча дүйнөдө биринчи орунду АКШ (586 миң 890) ээлейт, пандемия башталгандан бери илдет жуккан адамдардын саны 32,8 миллиондон ашуун адамды түзөт. COVID-19дан каза болгондордун саны боюнча беш лидердин катарына Бразилия (454 миң 429 адам), Индия (318 миң 895 — айына 143 миңден ашык өсүш), Мексика (222 миң 232) жана Улуу Британия (127 миң 758 адам) кирет.