Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм коронавирус илдетинен коргонуу үчүн дүйнө жүзүнө бет кап тагынуу талабын коюуга чакырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Уюм башчысы Тедрос Гебрейесус COVID-19 баш көтөрүп келатканына тынчсызданып, өлкө бийликтерин буга чейин текшерүүдөн өткөн карантиндик иш-чараларын киргизүүгө чакырды. Алардын арасында бет кап тагынуу, имараттагы абаны бат-баттан алмаштырып туруу, коронавирус илдетине тест өтүү чаралары бар. Гебрейесус учурда омикрондун көбөйүүсү менен кошо коронавирустан каза болгондордун саны өсүп жатканын билдирди.