Улуу Британиядан чыккан коронавирустун жаңы түрү Өзбекстанга да келди

Өзбекстанда коронавирус инфекциясынын жаңы түрүн жуктуруп алган биринчи адам аныкталды. Бул тууралуу аталган мамлекеттин Саламаттыкты сактоо министринин орун басары, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жана саламаттыкты сактоо кызматынын башчысы Баходир Юсупалиев журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, вирус 23-январда Дубайдан үй-бүлө мүчөлөрү менен кайтып келген 10 жашар кыздан табылган.

«Эл аралык аэропортто тапшырган тестинен кызда оору бар болуп чыкты. Тез жардам унаасы менен бейтап инфекциялык ооруканага жеткирилип, текшерүүдөн кийин оорунун белгиси жок коронавируска кабылганы аныкталды», — деп айтылат маалыматта.

Улуу Британияда мутацияга кабылган коронавирустун түрү 90дон ашуун өлкөгө жайылган. Бул жаңы түрү кадимки буга чейинки коронавируска салыштырмалуу бат жуга тургандыгы жана андан өлүм көп катталары маалымдалган эле.