Коронавирустун индиялык штаммы эмнеси менен коркунучтуу? Оорунун белгилери

Индиялык штамм ичтин жана муундардын оорушу, жүрөк айлануу, табиттин жоголушу жана угуунун начарлашы менен мүнөздөлөт. Бул тууралуу Роспотребнадзордун Эпидемиология институтунун клиникалык жана аналитикалык иштер боюнча директорунун орун басары Наталья Пшеничная билдирди. Анын айтымында, бейтаптар көбүнчө буттун микротромбозу менен оорушат жана ичи өтөт, ал эми дене таптын көтөрүлүшү, жөтөл, жыт сезбей калуу аз кездешет.

«Бул түр жыттын жана даамдын жоголушуна чанда гана алып келиши ыктымал, көбүнчө ичеги-карын оорулары, мурдунан суу агуу, тамак оорулары менен коштолот. Бул штамм кадимки суук тийгендин белгилери менен жүрөт», — дейт Москва мамлекеттик университетинин илимий кызматкери, молекулярдык биолог Сергей Харитонов.

Zoe Covid Symptom study изилдөөсүнө Би-Би-Си шилтеме кылып билдиргендей, «Дельта» түрүн жуктурган жаштар өздөрүн жөн гана сасык тумоого кабылгандай сезиши мүмкүн. «Жаңы штамм бир аз башкача башкача. Адамдарга сезондук сасык тумоонун кандайдыр бир түрүн жуктургандай сезилиши мүмкүн, ошондуктан алар башка адамдар менен болгон мамилесин улантышат. Биздин оюбузча, бул чоң көйгөйдү жаратат”, — деп профессор Тим Спектор изилдөө жөнүндө комментарий берген. Британиялык окумуштуулар жаңы штамм вирустун мурда кездешкен варианттарына караганда 40-80 пайызга көбүрөөк жугуштуу экендигин аныкташкан.