Коронавирустун индиялык түрүнөн каза болгондордун саны артууда

Улуу Британияда COVID-19дун индиялык түрүнөн каза болгондордун саны өсүүдө. Бирок ал жактын жашоочулардын үчтөн бир бөлүгү коронавируска каршы эмдөөдөн өтүшкөн. Бул тууралуу Англиянын Саламаттыкты сактоо агенттигинин изилдөөсүнө шилтеме берип чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалымат боюнча, индиялык штаммга чалдыккандан кийин каза болгон 42 адамдын ичинен 12си толугу менен эмдөөдөн өткөн. Бирок министрликтин эпидемиологу Меган Колл эмделген бейтаптардын өлүмүнүн так себеби али тактала электигин билдирген.

Изилдөөчүлөрдүн айтымында, май айынын башынан бери индиялык штаммды жуктуруп алуу учурлары кескин көбөйгөн. Анын үстүнө акыркы бир аптада эле 5 миңден ашуун адам жаңы түрүн жуктуруп алган.