Коронавирустун жаңы штаммы жайылып жаткан Улуу Британияда карантиндин катуу чаралары киргизилди

Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон коронавирусту жуктуруп алгандардын саны туруктуу өсүп жатканына байланыштуу карантин чараларынын күчөтүлгөнүн жарыялады. Аталган өлкөдө коронавирустун жаңы штаммы жайылып жатканы маалым. Мындан улам, бейтапканаларда бош орун калбай, медициналык кызматкерлер да жардам берүүгө үлгүрбөй жатышат.

Ал 4-январдын түн ортосунан баштап февраль айынын орто ченине чейин өлкө боюнча жаңы чектөөлөр киргизилгенин билдирди. Адегенде бардык мектептер жабылып, жарандарга үйдөн күнүнө бир сааттан ашык эмес жана зарыл болгон учурда гана чыгууга уруксат берилет. Алсак, азык-түлүк же дары-дармек сатып алуу үчүн дүкөнгө же дарыканага барууга, врачка барууга, үйдөн иштөөгө шарт жок болсо, ишканага барууга, үйдөн алыс эмес жерде таза абада спорт менен машыгууга болот.