Коронавирустун омикрон штаммын жугузуп алган адамда кандай белгилер пайда болот?

Ноябрдын аягында Түштүк Африкада коронавирустун жаңы штаммы аныкталды, окумуштуулар аны омикрон деп атап, аны активдүү изилдеп жатышат. Бейтаптарда пайда болгон негизги белгилер да аталды. Бул тууралуу “Российская газета” гезити жазып чыкты.

Маалыматка караганда, омикрон боюнча суроолор дагы эле көп, бирок анын кээ бир типтүү белгилери буга чейин эле белгилүү. Жаңы штаммдын мүнөздүү өзгөчөлүктөрүнүн бири адам жыт жана даам сезүүнү жоготпойт. Омикрондун негизги белгилери адамда чарчоо байкалып, тамагы кычыша баштайт. Ал эми африкалык дарыгерлер дене таптын көтөрүлүшү жана кургак жөтөл дал ушул штаммдын белгиси экенин айтышты.