Улуу Британияда мутацияга кабылган коронавирустун түрү 60 өлкөгө жайылды

Коронавирустун Улуу Британияда пайда болгон жаңы түрү 60 өлкөдө аныкталды. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлү бүгүн, 20-январда Женевада өткөн жыйында билдирди.

“12-январда дагы 10 мамлекеттен VOC-202012/01 вирусу аныкталды. Жалпы 60 өлкө коронавирустун жаңы түрү менен күрөшүп жатат”, — деп билдиришти аталган уюмдан.

Уюм тарабынан буга чейин эле «бардык вирустар мутацияга кабылат, мындан улам илдеттин жаңы түрлөрүнүн пайда болушу күтүлүп эле жаткан» деп айтылган. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 14-январдагы отурумунда өлкөлөрдү COVID-19 боюнча илимий изилдөөлөрдү кеңейтүүгө, ошондой эле башка мамлекеттер менен оору тууралуу маалыматты бөлүшүүгө чакырган болчу. Талдоочулар коронавирустун жаңы түрлөрүнө стандартташтырылган аталыш иштеп чыгууга чакырышты, алардын ою боюнча, вирустун аталышы географиялык белгилерди камтыбашы керек.