Коронавирустун жугуштуу жаңы түрү чыкты

Коронавирустун азыркыдан да жугуштуу жаңы түрү чыкты. Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм буга чейин, тагыраагы сентябрь айында Улуу Британияда мутация болгон коронавирустун жаңы түрүн эми Австралия, Дания жана Нидерланддарга өтүп кеткенин аныктады.

Улуу Британиянын бийлиги илдеттин жаңы түрү буга чейинкиге караганда 70 пайызга көбүрөөк жугуштуу экенин билдирген. Мындан улам да аталган өлкөдө ооруга чалдыккандардын саны кескин көбөйүп кеткен. Учурда изилдөөчүлөр бир топ жагдайларды аныктоо үчүн мутация болгон коронавирустун түрүнө эксперименттерди жүргүзүп жатышат. Бул аралыкта аталган өлкөдө 25-декабрда өтчү Рождествого байланыштуу миллиондогон жарандарга үй-бүлөлүк чакан майрамдарын токтотуп турууга туура келип, Лондон шаарындагы дүкөндөр жабылып жатат. Андан сырткары Улуу Британия менен башка өлкөлөр авиакаттамдарды токтотууга өтүштү.