Коронавирустун «колу жетпеген» континент дүйнөдө калган жок

Чилилик изилдөө станциясында иштеген 36 кишиден COVID-19 табылгандан кийин Антарктида коронавирусу жок жалгыз континент болбой калды. Бул тууралуу Австралиянын ABC телеканалы билдирет.

Базага жардам берүү үчүн келген кеменин экипажынын үч мүчөсүнө коронавирус диагнозу коюлган. Кийин эле вирусту жуктуруп алгандардын арасында Чилинин 26 аскер кызматкери жана тейлөө персоналынан 10 адам бар экени көрсөтүлгөн. Алар Чилинин түштүгүндөгү Пунта Аренаска эвакуацияланып, изоляцияга алынышкан жана жакшы иштеп жатышат.

Белгилей кетсек, дүйнө жүзү боюнча 77,3 миллиондон ашуун адам COVID-19 оорусун жуктуруп, 1,7 миллиондон ашуун адам каза болгон.