Коронавирустун «кракен» деген штаммы пайда болду

Жаңы XBB.1.5 омикрон-штаммынын же “кракендин” пайда болушу коронавирус өтө ыкчам өзгөрө турганын айтып турат, натыйжада жаңы штаммдар дагы көбөйөт. Бул тууралуу ТАСС Гамалея атындагы эпидемиология жана микробиология УИБ директору Александр Гинцбургга таянып билдирет.

«Кракен» рекомбинациянын жыйынтыгында пайда болгон: коронавирустун эки башка штаммдары клеткада жолугуп, өз ара генетикалык материалдар, тагыраагы РНК менен (рибонуклеиндик кислота) алмашкан.

Эркек жана аял баш кошуп, балалуу болгон сыяктуу: бир жагынан балдары ата-энесине окшош, ошол эле учурда анча эмес, өзүнө таандык сыпаттары бар. Бул вирустун эволюциясы учурда тез жүрөрүн жана биз дагы көп ар түрдүүлүккө туш болорубузду билдирет», — деди ал.

Гинцбургдун айтымында, жаңы штаммдар абдан тез өзгөрө баштайт. Буга байланыштуу коронавирус инфекциясына чалдыгуу дагы өсүшү мүмкүн. Окумуштуулардын маалыматы боюнча “кракен” оорунун оор өтүшүнө алып келбейт, ошол эле учурда ал пандемиянын бүтүндөй тарыхындагы вирустун эң жугуштуу варианты болуп саналат. Мындан тышкары, натыйжада ал коронавирустун басымдуулук кылган варианты болуп калышы ыктымалдыгы белгиленген.