Коронавирустун күркүлдөрү… Дүйнөдө вакцинациялоо башталгандан бери 9 жаңы миллиардер пайда болду

Дүйнөдө коронавируска каршы эмдөө кампаниясы башталгандан бери тогуз жаңы миллиардер пайда болду. Алар вакцина чыгаруудан улам фармацевтикалык компанияларында кирешеси көбөйгөнү үчүн байып жатышат. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазышты.

Жаңы миллиардерлердин тизмеси:

1. Америкалык «Moderna» компаниясынын башкы директору Стефан Бансель (4,3 миллиард доллар);
2. Германиялык «BioNTech» компаниясынын тең негиздөөчүсү жана жетекчиси Угур Шахин (4 миллиард доллар);
3. «Moderna» компаниясынын иммунологу жана инвестору Тимоти Спрингер (2,2 миллиард доллар);
4. «Moderna» компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Нубар Афеян (1,9 миллиард доллар);
5. «Moderna» компаниясы үчүн таңгак чыгарган «ROVI» компаниясынын төрагасы Хуан Лопес-Бельмонте (1,8 миллиард доллар);
6. «Moderna» компаниясынын окумуштуусу жана инвестору Роберт Лангер (1,6 миллиард доллар);
7. Кытай «CanSino Biologics» компаниясынын тең негиздөөчүсү жана башкы илимий кызматкери Чжу Тао (1,3 миллиард доллар);
8. «CanSino Biologics» компаниясынын тең негиздөөчүсү жана вице-президенти Цю Дунсу (1,2 миллиард доллар);Мао Хуайхуа
9. «CanSino Biologics» компаниясынын тең негиздөөчүсү жана вице-президенти Мао Хуайхуа (1 миллиард доллар).

Жогорудагы миллиардерлердин жалпы тапкан байлыгы 19,3 миллиард долларды түзөт. Бул суммага 780 миллион кишиге эмдөө алса болот.

Ушул жылдын апрель айында Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюмдун башчысы вакцинанын баарына тегиз жетишин камсыздоо ийгиликсиз болуп жатканын билдирген. Анын айтымында, коронавируска каршы эмдөөнүн 82 пайызы жогорку жана орто кирешелүү өлкөлөргө туура келет.