Коронавирустун омикрон штаммынан жабыркаган биринчи бейтап каза болду

Улуу Британияда коронавирустун жаңы омикрон штаммынан жабыркаган биринчи бейтап көз жумду. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазып чыгышты.

Буга чейин бул штаммдан көз жумгандар каттала элек болчу. Улуу Британиянын премьер-министри омикрон штаммы коронавирустун жеңилирээк версиясы деген ойдон баш тартууга үндөдү. Ал инфекция жогорку ылдамдыкта жайылып жатканын эске салды. «Биз кыла турган эң жакшы нерсе — вакцинанын күчөтүлгөн дозаларын мүмкүн болушунча тезирээк алуу», — деди саясатчы.

Британиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы Сажид Жавид учурда Улуу Британиянын ооруканаларында COVID-19 омикрондук штаммы аныкталган онго жакын жаран бар экенин билдирди.