Көрүп калышкан. Өзбекстанда үйгө ууруга кирген аял 2 баланы өлтүрүп, өрттөп салды

Өзбекстандын Самарканд облусунда үйгө ууруга кирген аял кылмышка күбө болгон эки баланы өлтүрүп, сөөгүн өрттөп жиберген. Бул тууралуу облустук прокуратурадан билдиришкен.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 14-мартында Пайарык районунун тургуну 14 жана 8 жаштагы балдары дайынсыз болуп жатканын айтып, аларды издөөгө жардам берүү өтүнүчү менен милиция кызматкерлерине кайрылган.

Ыкчам издөө иштеринин жүрүшүндө кошуна үйдүн короосунан жоголгон балдардын өрттөлгөн денеси табылган.

Териштирүү иштеринин жүрүшүндө 13-мартта балдардын апасы М.Т.нын үйүнө анын таанышы О.Т. аттуу аял уурулукка киргени белгилүү болгон. Үйдө эч ким жоктугунан пайдаланып, О.Т. акча жана баалуу буюмдарды издеп баштаган.

«Ушул убакта М.Т.нын уулдары мектептен келип калып, кылмыштын үстүнөн чыгышкан. О.Т. аларды алдоо жолу менен өзүнүн короосуна алып барып, күрөк менен баштарына жана мойнуна чаап өлтүргөн. Денелерин 50 сантиметрлик чуңкурга салып, үстүлөрүнө тактай таштап, өрттөгөн. Кийин калдыктарын көмүп койгон«, — деп айтылат маалыматта.

Учурда шектүү кармалып, «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголду.