Он бала төрөгөн аял тууралуу маалымат да, кош бойлуу кезиндеги сүрөттөрү да фейк болуп чыкты

Түштүк Африка Республикасындагы аял он бала төрөп, муну менен дүйнөлүк рекорд койду деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул окуянын баары ойдон чыгарылган жалган билдирүү экендигин чет элдик басылмалар жазып чыкты.

37 жаштагы Госиаме Тамара Ситхол аттуу аял бир учурда 10 бала төрөдү деген маалымат дүйнө элине жаңылык болгон. Көп өтпөй, 10 бала төрөдү деп таанылып калган аял боюнча таң калычтуу маалымат тарады. Аял туугандарынан жардам алуу үчүн ушундай көз боёмочулукка баргандыгы жана жардам алгандан кийин дайынсыз болуп кеткендиги белгилүү болду. Анын кош бойлуу кезиндеги сүрөттөрү дагы жасалма экени айтылат. Маалым болгондой, аял ашказанына ар кандай аппараттарды коюп, шишикти күчөтүп, ушундай жол менен адамдарды алдаган.

Жогорудагы окуя тууралуу биринчи жаңылыкты жазып чыккан автор жетекчилигинен алган маалыматын жетишсиз текшергени үчүн кечирим сурады. Аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги да маалыматты тастыктай албай койгон. Аялдын жолдошу он баланын төрөлгөнүн көрбөгөнүн жана далил жок болсо, буга ишенбей турганын билдирген.