Кошунанын кыпчыткычтарын уруксатсыз алганы үчүн жазалаган. Суукта кызын ич кийимчен сыртка чыгарып койгон эненин окуясы

Казакстандык теле алып баруучу Динара Сатжан кыштын суугунда секелек кызын ич кийимчен сыртка чыгарып койгон эне менен жолукту. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

“Кыздын апасы өткөн окуяга өкүнүп жатканын айтат. Балдарым кошунанын кыпчыткычтарын уруксатсыз алгандыгы үчүн ачууланып кеттим. Башка бирөөнүн буюмун албай жүрүшсүн деген ойдо сыртка чыгарып жибердим дейт. Кыздын үй-бүлөсү эски вокзалдын жанындагы эки бөлмөлүү жатакананын бир жагында турушат экен. Бул үй-бүлөнүн 4 баласы бар” деп жазган ал.

Мындан сырткары, Динара Сатжан “Балдарды ата-энеден ажыратпай эле коюу туура болот” деген пикирин жазган.

Буга чейин коңшу өлкөнүн Нур-Султан шаарында эне секелек кызын кыштын кыраан чилдесинде короого ич кийимчен чыгарып койгону коомчулук арасында талкууга алынып, ал үй-бүлөнү полиция кызматкерлери каттоого алганы жана окуя ар тараптан иликтенип жатканы маалым болгон.