«Космостук миллиардер болот». Планетанын эң бай адамы өзүнүн кемеси менен космоско учат

«Amazon» компаниясынын негиздөөчүсү жана дүйнөдөгү эң бай адам Жефф Безос шейшемби күнү өзүнүн «Blue Origin» компаниясы курган «New Shepard» кемесинде биринчи суборбиталдык учууга чыгат. 

Би-Би-Синин жазган маалыматына ылайык, кемеде Безостон тышкары анын агасы Марк — аэрокосмостук индустриянын ардагери, космостук учуу инструктору — 82 жаштагы Уэлли Фанк жана Голландиядан келген 18 жаштагы студент Оливье Деймен болот.

Безос бул учууну көптөн бери пландап жүргөн. Эгер баары жакшы болсо, анда ал өзүнүн компаниясынын кемеси менен стратосферанын четине учкан экинчи «космостук миллиардер» болот. Биринчиси, 11-июлда болгон. Ал британиялык ишкер Ричард Брэнсон. 

Безостун учуусу болжол менен 11 мүнөткө гана созулат. Капсуланы экипаж менен ракетадан 40 чакырым бийиктикте бөлүп алгандан кийин, ал болжол менен 105 чакырым бийиктикке көтөрүлүп, бир нече мүнөттөй нөлдүк тартылуу зонасында туруп, андан кийин парашют менен түшөт. Безостун ракетанын жана кеменин, ошондой эле авариялык-куткаруу тутумунун коопсуздугуна ишенгендиктен, экипаж мүчөлөрү космоско скафандрсыз учушат.