Косово республикасында каршылык акциясы өтүүдө. Абал курчуп, жаракат алгандар болгондугу айтылды

Косово республикасынын көбүнесе сербдер жашаган түндүк райондорунда тургундар каршылык акциясына чыгып, абал курчууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 31-июль күнү өзүн-өзү республика деп жарыялаган Косово менен Сербиянын чек арасында атышуу болгон. Косовонун премьер-министри Альбин Курти Сербиянын өкмөтүн көзөмөлдөгөн аскер күчтөрү Косовонун түндүгүно ок чыгарганын билдирген.

Ал эми серб тарап ок алгач косоволуктардан асманга чыгарылганын маалымдаган. Учурда өзүн-өзү республика деп жарыялаган Косоводо абал курч бойдон калып, жергиликтүү сербдер көчөлөргө чыгып, тосмолорду орнотушканы айтылат. Ошондой эле каршылык акцияга чыккан сербдер Косово полициясына карата ок чыгарганы маалымдалууда.

«Вечерние новости» серб басылмасынын берген маалыматына ылайык, Косово полициясы Приштинадан Косовонун түндүгү тарапка, каршылык акциясына чыккан сербдерди карай бет алышкан. Тосмолор орнотулган аймакта бир адам жаракат алып ооруканага жеткирилгенин маалымдалат.

Эскерте кетсек, косоволук сербдер Приштина тараптан киргизилген эрежелерге каршы чыгууда. Маалыматка караганда, 1-августта Косово бийлиги Сербия тарабынан берилген документтер менен жарандарга кирүүгө бөгөт коймок. Ошондой эле августтан тарта бардык унааларды Косово номурларына кайра каттоо пландалган.