Коста-Рикада крокодил жергиликтүү «Депортиво Рио Каньяс» командасында ойногон футболчу Хесус Альберто Лопес Ортисти жеп кеткенин The Sun басылмасы жазып чыкты.
Басылманын маалыматына караганда, крокодил 29 жаштагы оюнчуга дарыяда жүргөндө кол салган. Каргашалуу окуя өткөн ишембиде Гуанакасте провинциясында болгон. Крокодил спортчуга кол салып, денесин оозуна тиштеп, сүзүп кеткен. Жергиликтүү тургундар анын артынан куушкан. Жергиликтүү полициянын маалыматы боюнча, полиция крокодилди атып, сөөктү алып чыгышкан.
Оюнчунун үй-бүлөсү коомчулукка кайрылып, сөөктү көмүүгө кеткен чыгымды төлөп берүүгө көмөктөшүүнү суранды. Хесус Ортистин артында сегиз жана үч жаштагы эки баласы калган.