«Көз айнеги жерге түшүп». Жо Байден костюмун кийе албай жатканда тартылган видео тарады

C-Span АКШнын президенти Жо Байдендин Кентуккиге болгон иш сапары учурунда костюмун кийе албай убараланып жатканда тартылган видео менен бөлүштү. 

Жарыяланган видеодон АКШ президентинин тик учактан түшүп, костюмун кийүүгө аракет кылып жатканын көрүүгө болот. Бир нече натыйжасыз аракетинен кийин кийимди кийгизүүгө жубайынын жардамдашкан. Ал костюмун кийген соң, көзүндөгү көз айнеги жерге түшкөн.