Казакстандыктар азербайжандыктарды үйүнө узатып жаткан сүрөттөрдү Tengrinews.kz басылмасы Телеграм-каналында жарыялады.
Авиакырсыктан аман калган Азербайжандын 14 жаранын алып кетүүгө 20 кишиден турган делегация келген.
25-декабарда Казакстандын Актау шаарында Бакудан Грозныйга учуп бараткан учак кулаган. Azerbaijan Airlines авиа компаниясынын Embraer 190 учагында 67 адам болгон. Маалым болгондой алардын арасында 5 экипаж мүчөсү, Казакстандын 6, Азербайжандын 37, Орусиянын 16, Кыргызстандын 3 жараны болгон. Кыргызстандын үч жараны аман калган.