«Көзү ачыкты чакырышып». Казакстанда адамдар менен чуңкурга кирип кеткен автобус дагы эле табыла элек

Павлодар облусунда адамдар менен кошо чуңкурга кирип кеткен автобусту издөө иштери жүрүп жаткан жерде куткаруучулар техникалар үчүн жолду кол менен тазалап жатышат. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазды. Бүгүн куткаруучулар дайынсыз жоголгондорду табууга аракет кылып жатканына 22 күн болду.

Маалым болгондой, 24-январда дайынсыз жоголгон шахта куткаруучуларынын жакындары урап түшкөн жерге төлгөчүнү алып барышкан. Бул маалыматты облустук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн тастыктап, бирок алар анын келишине бөлүмдүн эч кандай тиешеси жок экенин билдиришти.

«Аны кырсык болгон жерге дайынсыз жоголгон кызматкерлердин жакындары чакырган.Эч бир мекеме аларга бул ишке тоскоол боло албайт. Ал коопсуз аралыкта болгон. Төлгөчү издөө-куткаруу иштери жүрүп жаткан жерге жакындаган эмес», — деп билдирди ӨКМдин басма сөз кызматы. 

4-январь күнү саат 01:25 чамасында Павлодар облусунун Баянауыл районунда «Майкаинзолото» ААКсынын аймагында, Майкаинский шахтасынын жанында төрт жүргүнчүсү бар автобус тазалоочу жайга түшүп кеткен. Эки адамдын жансыз денеси табылган. Ал эми 2 адам автобус менен кошо ошондон бери табыла элек.