Көзү азиз ата-энесин жатаканада баккан өспүрүмгө беткапчан киши үй белек кылды (видео)

Социалдык тармактарда беткапчан киши деген ат менен белгилүү адам бул жолу казакстандык көзү азиз ата-энеге жана анын 16 жаштагы уулуна жардам берди.

16 жаштагы Рауан ата-энесинин көзү азиз экенин, өзүнүн да көзү жакшы көрбөй турганын айтат. «Ата-энемдин көзү да, колу да менмин» деген жигит 5 жылдан бери жатаканада жашап келишерин билдирди. Беткапчан киши аларга үй белек кылып, ата-энеси дарыларын убадалады.