«Көзү көрбөй кала жаздаган». Нигериялык 7 күн ыйлап, дүйнөлүк рекордду жаңылоону каалаган (видео)

Тембу Эбере аттуу нигериялык адам Гиннесстин рекордуна кирүүгө аракет кылып, бир жума бою ыйлоону пландаган. Бирок баары ал ойлогондой болбой калган. Бул тууралуу Daily Star жазат.

Бир жума бою ыйлап, дүйнөлүк рекордду жаңыртууга аракет кылган. Натыйжада бир нече убакытка көзү көрбөй калган. Тембу Эбере Гиннестин рекорддор китебине кирүүгө аракет кылып, тынымсыз ыйлаган. 

«Мага көйгөйлөрүңүздү жазып жөнөткүлө. Мен силер үчүн ыйлайм»,— деп сунуштады ал өзүнүн катталуучуларына. 

Анын аракети 5,3 миллиондон ашык көрүүгө ээ болуп, күйөрмандары анын аракетин колдошкон, бирок көп өтпөй башы ооруй баштаган. Көзү шишип кетип, 45 мүнөткө көрбөй калган. Анын мындай аракети кабыл алынбайт, себеби ал Гиннесстин рекорддор китебине расмий түрдө арыз берген эмес. 

@237_towncryer #237towncryer #tiktoknigeria #tiktokcameroon ♬ original sound — 237_towncryer