Көзү өтүп кетти деп суук кабар айтылып… Бирок «өлгөн» адам өз тажиясына тик учак менен келди

Дэвид Бертен аттуу 45 жаштагы Бельгиянын тургуну өз өлүмү тууралуу кабар айттырып, кийин өз тажиясына тик учак менен келгенин The Times жазды. Ал мындай жол менен өмүрдү баалоо канча маанилүү экенин сабак ирети көрсөткүсү келген.

Туугандарынын жүрөгүнүн үшүн алган адам трюкту аялы жана балдары менен чогуу уюштурган. Алар досторго жана туугандарга байланышып, суук кабарды угузушкан. Акыркы сапарга узатуу зыйнатына чогулган учурда «өлгөн» адам тик учакта учуп келген. Ал тик учактан түшкөндө баары чуркап барып, кучактап, айрымдары көзүнө жаш алган, кээ бирлери нес болуп эле туруп калышкан.

«Биз баарыбыз бири-бирибизден алыстап кеттик. Бирөө жарым өлүп эле жолугуп калууну күтпөйүн деп, мен аларга жашоо сабагын бергим келди», — деген бельгиялык тургун.