Көзүңө жаш тегеренет! Казакстанда видеосу тараган соң, көчө тазалаган апанын жашоосу кандай өзгөрдү?

Казакстанда 65 жаштагы Айсауле аттуу пенсионердин Алматыда көчө тазалоочу бригадада иштегени тартылган видео социалдык тармакка тараган. Ошол күндөн бери бир жума өттү. Анын жашоосу өзгөргөнүн «Тенгри» жазды. 

Маалыматка караганда, видео жарыяланган соң, анын жашоосуна тынчсыздангандар өтө көп болгон. Ал жашына жана ден соолугуна карабастан акча үчүн көчө тазалап иштеп келген. Суу, газ жок үйдө келин-уулу жана 5 небереси менен күн кечирип келген.

Видеонун 20 жаштагы автору соцтармак колдонуучуларынан мынчалык реакция күтпөгөнүн айткан. Ортодо шылуундар пенсионерге деп акча чогултуп жатышканын байкап калып, өзү акча чогулта баштаган. Элден түшкөн 815 миң теңгени ага алып барып берген. Пенсионер бул акча менен насыясын жаап, калган акчага эс ала турганын айткан.

Ал эми кайрымдуулук фонд аялга үй белек кылган. Үй саткан адам үйдү пенсионерге белек кыларын угуп, арзандатып да берген. Ал эми кайрымдуу жарандар үйдүн ичин толтуруп берүүнү убадалашкан.