Көзүңө жаш тегеренет! Түркияда урандынын алдында аман калган балакайлар (видеолор)

6-февралда Түркияда жер титирөө катталып, 5 миңден ашуун адамдын өмүрүн алды. Куткаруучулар урандынын алдында бир нече саат жатып калган балдар менен чоңдорду таап, аман-эсен чыгарып жатышат.

«ТРТ Хабер» басылмасы бир нече саат урандынын алдында жатып, куткарылган балдардын видеолору менен бөлүшүп жатат.

33 сааттан кийин 4 жаштагы Гүл урандынын алдынан чыгарылган.

Газиантепте 7 жаштагы Үмүт Эфе 36 сааттан кийин аман-эсен чыгарылган.

Хатайда 5 жаштагы Сидра шахтерлордун аракети менен 35 сааттан кийин урандылардын астынан куткарылды.

12 жаштагы Айсим Йылмаз 40 сааттан кийин урандылардын астынан аман куткарылды.

Жээнин куткарып калган кишинин кубанычы… Кахраманмарашта урандылардын астында калган 6 жаштагы Эмин тирүү куткарылды.

Адыяманда урандылардын астында калган эне менен баласы 45 сааттан кийин табылды.

Экипаждын колунан суу ичкен 2 жаштагы Мухаммед жер титирөөдөн 44 сааттан кийин куткарылды.