Көзүңүз кызарып, чылпактап жатабы? Омикрон штаммынын бир белгиси болушу мүмкүн

Коронавирустун омикрон штаммы — вирустун өтө жугуштуу варианты. Анын белгилери — бул тамак оору, кургак жөтөл, мурундун бүтүшү, дене табынын көтөрүлүшү, алсыздык жана баш оору.

Жогорудагы симптомдордон тышкары терапевт Нина Аслам журналисттерге дагы бир кызыктуу белги тууралуу айтып берген, ал көздөн байкалышы мүмкүн. Дарыгердин билдиришинче, омикрондун бир симптому — бул конъюнктивит. «Көздө клеткалык рецепторлор болот, анын жардамы менен коронавирус организмге кирет», — деген терапевт.

Конъюнктивит — бул көздүн былжыр кабычасынын сезгениши. Дарттын белгилерине көздүн кызарышы, жаш агуусу, чылпактоосу, кычышып өйкөлүүсү кирет.