Владимир Путиндин басма сөз катчысы Орусия президентинин саламаттыгы тууралуу суроого жооп берди. Дмитрий Песковдун комментарийин бир катар орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Кремлдин расмий өкүлүнөн Путиндин жүрөгү ооруп жатат деген маалымат боюнча комментарий берүү суралган.
«Ал жакшы, бул кезектеги «өрдөк», — деп жооп берди ал.