Кремль Рамзан Кадыровдун кызматтан кетиши боюнча маалымат берди

Орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Кремль Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун кызматтан кетиши мүмкүн деген билдирүүлөрүн көргөнүн билдирди. Анын айтымында, азырынча Кадыров өз кызматында калат. 

«Чындыгында, биз бул билдирүүлөрдү көрдүк, бирок ал кызматтан кеткен жок. Азырынча биз анын Чечен Республикасын жетектөөнү улантып жаткандыгына таянып айтып жатабыз», — деди Песков.

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Telegram баракчасына кызматта өтө көп убакыт отурганын байкаганын, кууп жибере электе кетиш керектигин жазган. «Мен өтө көп отурганымды өзүм байкадым. Мен мөөнөтсүз жана узак эс алууга толук татыктуу болдум деп ойлойм. Мени колдоп, түшүнөсүздөр деп ишенем», — деп жазган ал.