«Кремлдин адамы аябай корко турганы көрүндү». Володимир Зеленський үн катты

Украинанын президенти Володимир Зеленський өзүнүн күн сайын жасалган кайрылуусунда орусиялыктарга кайрылды.

«Кремлдин адамы аябай корко турганы көрүндү жана бир жерде жашынып отурган болушу мүмкүн. Москвада эмес болсо керек. Кайсы бир жакка чалып, бир нерсе сурап жатышы ыктымал. Ал эмнеден коркуп жатканын билет, себеби өзү бул коркунучту жаратты», — деди ал.

Володимир Зеленський Орусияда болуп жаткан окуяларга комментарий берип, ЧВК «Вагнердин» куралдуу козголоңунан кийин эл аралык коомчулук орусиялык жетекчилик эч нерсени көзөмөлдөй албай жатканын түшүнүшү керектигин айтты.