«Кривое зеркало» берүүсү аркылуу таанылган куудул Александр Пономаренко каза болду

«Кривое зеркало» берүүсү аркылуу таанылган куудул Александр Пономаренко 55 жашында каза болду. Ал ашказанындагы залалдуу шишик дартынан жабыркап келген. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты.

Александр Пономаренко эгизи Валерий Пономаренко менен 1995-жылдан бери «Ага-ини Пономаренколор» дуэти менен элге өнөрүн тартуулап келишкен. Ушул жылдын ноябрь айында Андрей Малахов өз берүүсүндө Александр Пономаренконун оорусу тууралуу айткан. Анда куудул 2021-жылдын жай мезгилинде тартуу учурунда өзүн начар сезип, Тез жардам менен ооруканага жеткирилгенин, кийин ошол жактан «онкология» диагнозу коюлганын билдирген. Артистке химиотерапиянын он курсу жардам бербегенин жана ал 20 килограммга арыктап кеткенин баяндап берген болчу.