«Крокус сити холлдогу» кандуу окуя: 15 жаштагы өспүрүм жүздөгөн адамдын өмүрүн сактап калган (видео)

“Крокус сити холлдогу” кандуу окуяда 15 жаштагы Ислам аттуу мектеп окуучусу жүздөгөн адамды сактап калды. Бул тууралуу Орус ЖМКлары жазды.

Маалыматка караганда, өспүрүм ал жерде гардеробдо иштеген жана чукул кырдаалда эмне кылуу керектигин үйрөткөн окуудан өткөн. Жарандардын такыр туура эмес тарапка чуркап баратканын көргөн Ислам аларды сыртка чыгуучу эшикке багыттап, күйүп жаткан имараттан алып чыккан.