«Крокус сити холлдогу» кандуу окуя: Каза болгондордун жаңыланган тизмеси жарыяланды

25-мартка караган түнү Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 22-мартта концерттик залда болгон теракттан каза болгондордун такталган тизмесин жарыялады.

Жалпысынан биринчи соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен 68 адамдын сөөгү таанылды. Расмий маалыматтар боюнча, учурда каза болгондордун саны 137 адамды түзөт.