«Крокус сити холлдогу» кандуу окуя: Шектүүлөрдүн бири сурак берген видео тарады

«Крокус сити холлдо» теракт жасады деген шек менен кармалган адам Түркиядан 4-мартта келгенин айтты. Сурак учурундагы видеону «Россия сегодня» медиа тобунун жана RT телеканалынын башкы редактору жарыялады.

«Ал жакта (Түркияда) документтер бүтүп, бул жерге келдим», — деди шектүү.

Кармалган адам аны менен «иштегендер» бир ай мурун Telegram аркылуу байланышып, курал-жарак менен камсыз кылганын айткан. Ага залдагы адамдардын баарын өлтүрүү тапшырмасы берилип, бул үчүн бир миллион рублга жакын акча сунушталган.

Жарыяланган кадрларда шектүү 1998-жылдын 17-сентябрында туулган айтты.