«Крокус сити холлдогу» ок чыгаруу: 40тан ашык киши каза болуп, 100дөн ашуну жаракат алды

Москванын четиндеги «Крокус сити холл» концерттик залында ок атылып, өрт чыкты. РИА Новости жазгандай, залга камуфляжчан 3 киши кирип барып, ок чыгарган. Андан соң жарылуу болуп, өрт чыккан.

ФСБ каза болгондор бар экенин билдирди. Азырынча каза болгондордун так саны айтыла элек. Москванын  мэри Сергей Собянин «Крокус сити холлдо» болгон окуяны трагедия деп атады. Орусиянын Тергөө комитети теракт боюнча кылмыш ишин козгоду. Ал эми «Крокус сити холлдогу» өрт күч алып, чатыры түшө баштады. 

РИА Новости ФСБга шилтеме берүү менен 40 адам каза болгонун, 100дөй адам жаракат алганын билдирди. «Алдын ала маалыматтар боюнча, комплекстеги теракттын кесепетинен 40 адам каза болуп, 100дөн ашууну жарадар болду», — деп айтылат маалыматта.