«Крокус сити холлдогу» ок чыгаруу: Каза болгондордун 60ка жеткени маалымдалды

Теракттын кесепетинен 60тан ашуун адам каза болгону аныкталганын Орусиянын Тергөө комитети билдирди. Каза болгондордун саны көбөйүшү мүмкүн. 

Жеринде тергөө органдары издеп жатат. Каза болгондордун сөөгү кароодон өткөрүлүүдө.

Окуя болгон жерден буюм далилдери, анын ичинде курал-жарак жана ок-дарылар алынып, бардык зарыл экспертизалар дайындалып, генетикалык, баллистикалык жана манжа изинин экспертизалары жүргүзүлүүдө. Видеокөзөмөл камералары алынып, изилденип жатат.