«Крокус сити холлдогу» ок чыгаруу: Каза болгондордун саны 143 адамга жетти

«Крокус сити холлдогу» теракттан каза болгондордун саны 143кө жеткени маалым болду. 

Алдын ала маалыматтар боюнча, адамдар октон алган жаракатынан жана күйүүчү нерседен ууланып каза болушкан. Террорчулар кол салуу учурунда автомат колдонушкан. Алар күйүүчү суюктук менен концерттик залдын имаратын өрттөшкөн.