«Крокус сити холлдогу» ок чыгаруу: Каза болгондордун саны 93 адамга жетти

«Крокус сити холлдогу» теракттан каза болгондордун саны 93кө жеткенин Тергөө комитети өзүнүн Telegram каналында билдирди.

«Учурда каза болгондордун саны 93 киши экени аныкталды. Каза болгондордун саны мындан ары дагы көбөйүшү мүмкүн», — деп айтылат маалыматта.

Алдын ала маалыматтар боюнча, адамдар октон алган жаракатынан жана күйүүчү нерседен ууланып каза болушкан. Террорчулар кол салуу учурунда автомат колдонушкан. Алар күйүүчү суюктук менен концерттик залдын имаратын өрттөшкөн.