«Крокус сити холлдогу» ок чыгаруу: Министрлик каза болгондордун үчөө балдар экенин билдирди

Орусиядагы «Крокус сити холлдогу» теракттын кесепетинен үч бала каза болду. Бул тууралуу РИА Новости Саламаттыкты сактоо министрлигине шилтеме берүү менен жазды.

Соңку расмий маалыматтар боюнча, теракттын кесепетинен 60тан ашуун адам каза болуп, 100гө жакыны жаракат алган. Каза болгондордун тизмеси Москва убактысы боюнча саат 10до жарыяланышы күтүлүүдө.