«Крокус сити холлдогу» ок чыгаруу: Шектүүлөрдүн унаасы делген сүрөт тарады

«Крокус сити холлго» кол салган террористтер ак түстөгү Renault Symbol үлгүсүндөгү унаа менен качып кетишкен деп айтылууда. Сүрөттү РИА Новости жарыялады. 

Сүрөттө арткы айнеги караңгылатылган эски ак кузовдогу унаа тартылган. Тергөө комитети теракт боюнча кылмыш ишин козгогон. Окуя болгон жерде укук коргоо кызматкерлери иштеп жатат.