Орусия «Крокус сити холлдогу» теракттан каза болгон 134 адамдын аты-жөнү такталды. Бул тууралуу Тергөө комитети билдирди.
Аты-жөнү такталбай жаткандарга генетикалык экспертизалар жүргүзүлүүдө. 22-мартта Москвадагы концерттик залга куралчан бир нече адам кирип, ок чыгарган. Теракттын кесепетинен 143 адам каза болуп, 360тан ашууну жарадар болгон. Кол салууну жасаган деген шек менен 11 адам кармалды.