Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Орусиядагы теракттан каза болгондордун жаңы тизмесин жарыялады. Тизмеде 143 адамдын аты бар.
Тергөө комитети кабарлагандай, буга чейин каза болгон 84 адамдын сөөгү таанылган. Алардын арасында 9 жаштан 16 жашка чейинки беш бала бар. Жалпысынан дайынсыз жоголгондор боюнча 143 арыз түшкөн.