«Крокус сити холлдогу» терактыга катышы бар делген 11 адам кармалды

ФСБнын директору Александр Бортников өлкө лидери Владимир Путинге «Крокус сити холлдогу» кол салууга катышкан террористтер тууралуу маалымат бергенин Кремль билдирди.

«ФСБнын директору Путинге терактка түз тиешеси бар 11 шектүүнүн, анын ичинде төрт террористтин кармалганы тууралуу билдирди», — деп билдиришти президенттин басма сөз кызматынан.

Маалыматка караганда, шектүүлөр Украина менен чек арага жакын Брянск облусунда кармалган. Учурда алардын шериктерин аныктоо иштери жүрүп жатат.

Буга чейин алардын ак түстөгү Renault Symbol үлгүсүндөгү унаа менен качып кетишкени маалымдалган.