Крым көпүрөсүндөгү жарылуунун себеби айтылды

Крым көпүрөсүндө жүк ташуучу унаа жардырылган. Бул тууралуу РБКга Улуттук антитеррордук комитеттен билдиришкенин жазышты.

Бул поезддин жети май куюучу цистернасынын күйүп кетишине алып келген. Көпүрөнүн эки унаа аралыгы жарым-жартылай кулаган. «Бүгүн саат 06:07де Тамань жарым аралы тараптан Крым көпүрөсүнүн унаа бөлүгүндө жүк ташуучу унаа жардырылып, анын кесепетинен Крым жарым аралын көздөй бара жаткан поезддин күйүүчү май ташыган жети цистернасы күйүп кеткен. Көпүрөнүн эки унаа аралыгы жарым-жартылай урап түшкөн. Көпүрөнүн кеме жүрүүчү бөлүгүндөгү арка жабыркаган эмес», — деп айтылат маалыматта.