Крым көпүрөсүндө жарылуу болуп, өрт чыкты (видео)

Крым көпүрөсүндө жарылуу болуп, андан соң көпүрө өрттөнө баштады. Бул тууралуу Kerch.fm. жазды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, күйүүчү май куюлган цистерна күйүп кеткен. Радиостанция жүк ташуучу поезд өрттөнүп жатканын жазат. 

«Себептери жана кесепеттери тууралуу айтуу али эрте. Өрттү өчүрүү иштери жүрүп жатат», — деп жазган Крючков. «Тамань» жол башкармалыгы көпүрөдө кыймыл токтотулганын, ал жерде жол кызматтары жана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги иштеп жатканын билдирди. Kerch.fm агенттиги акваторияда кемелер жок экенин белгилейт.