Крымдын Совет айылында ротвейлер иттери чоң атасыныкына каникулга келген 10 жашар кызды талап салып, ал көз жумду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, 10-май күнү конокко келген 10 жаштагы кыз короодо ойноп жүргөндө иттерди ээси сейилдөөгө чыгарган. Эки ит кызга асылып, денесин, колу-буту, башына чейин талап салышкан. Кызды ооруканага жеткирип, операция жасашканы менен операциядан чыкпай калган. Учурда иттерге ээлик кылган адамга карата кылмыш иши козголгон.