Крымда ротвейлер иттери 10 жашар кызды талап, өлтүрүп коюшту

Крымдын Совет айылында ротвейлер иттери чоң атасыныкына каникулга келген 10 жашар кызды талап салып, ал көз жумду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, 10-май күнү конокко келген 10 жаштагы кыз короодо ойноп жүргөндө иттерди ээси сейилдөөгө чыгарган. Эки ит кызга асылып, денесин, колу-буту, башына чейин талап салышкан. Кызды ооруканага жеткирип, операция жасашканы менен операциядан чыкпай калган. Учурда иттерге ээлик кылган адамга карата кылмыш иши козголгон.