Ксения Собчак эмне үчүн Куандык Бишимбаевдин сотуна барганын айтты

Орусиялык журналист жана теле алып баруучу Ксения Собчак экс-министр Куандык Бишимбаевдин иши боюнча Казакстанга барып, соттук отурумга катышкан.

Журналист аны эки тарап тең чакырбаганын баса белгиледи. Собчактын айтымында, анын командасы бул процесс тууралуу «чоң окуя» тартып жатат. Ал ошондой эле жолугушууда өзүнүн позициясы тууралуу басылмаларга комментарий берди.

«Бүгүн казак жана орус маалымат каражаттары Казакстандын экс-министри Бишимбаевдин сотунда менин «артыкчылыктуу» позициям тууралуу жаза башташты. Биз коргоочу тарапка отуруп, калган журналисттер турушуптур. Достор, биз бул теманын үстүндө көптөн бери иштедик – биринчи күндөн тартып эле Салтанаттын өлүмү тууралуу жазып келебиз. Бул тууралуу чоң сюжет тартып, көз карандысыз журналисттер катары процессти чагылдырып жатабыз, эч ким менен байланышта эмеспиз», — деп жазган Собчак.