Ксения Собчак Парижде чемодан алуу үчүн кыргыз картасын колдонгонун жазды

Белгилүү алып баруучу Ксения Собчак соцтармактагы баракчасына Парижде болгон жагымсыз окуя менен бөлүштү.

«Лафает галереясы менин паспортум маалымат базасында болгондуктан бизге чемодан сатуудан баш тарткан. Эч нерсе эмес, башка бөлүмгө кирип, ойдон чыгарылган атты айтып, эсепти кыргыз картасынан төлөп, алдык. Бул албетте, жагымсыз болду, бирок мунун баары жашоодогу майда нерселер. Достук, сүйүү, өз ара жардам акылсыздык менен жамандыкка караганда алда канча көп болуп чыкты», — деп жазды ал.